Бишкекке 3-сентябрда Катардын тышкы иштер министринин эл аралык кызматташтык маселелери боюнча орун басары
Мухаммед бин Абдурахман аль-Тани башында турган делегация келди. ТИМдин билдиришинче, делегацияны аэропорттон Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы
Данияр Сыдыков тосуп алды.
Иш сапардын максаты - Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулоо. Бүгүн, 4-сентябрда делегация өлкөнүн бир катар министрликтеринин жетекчилери жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушары күтүлүүдө.