Михаил Саакашвили Украинанын премьер-министри болуу ниети жоктугун билдирди

Одесса облусунун губернатору, Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили Украинанын премьер-министри болуу ниети жоктугун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Саакашвили өкмөт башчылык кызматка каржылык маселелерди мыкты түшүнгөн, олигархтык кызыкчылыктан толук корголгон адам барышы керектигин белгилеп: "Мындай сапаттар менде бар, бирок бул маселелерди жана башка темаларды менден да кыйын түшүнгөн адамдар бар деген ойдомун",- деп билдирди. 
Буга чейин Украинанын президентинин сайтында Саакашвилини премьер-министрликке дайындоого карата кол топтоо башталганы жарыяланган эле. Кол топтоо 90 күнгө чейин уланмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан