Кеңешме Казакстан, Орусия жана Тажикстандын Жогорку Сотторунун төрагалары, Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун судьясы жана ШКУнун өкүлдөрүнөн турган делегациянын катышуусунда өтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө 4 негизги маселени талкуулашат. Алар: Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу, адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү, ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук иштерди чечүү жөнүндө соттук тажрыйба алмашуу, кээ бир маселелер боюнча укуктук жардам берүү, ошондой эле информациялык технологияны колдонуу.
Кеңешменин жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагалары биргелешкен билдирүүгө кол коюшат.