Президент
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда Иран мамлекетине расмий сапары менен барат. Президенттик аппараттан билдиришкендей,
иш сапарынын алкагында Атамбаев Иран өлкөсүнүн башчысы Хасан Роухани менен жолугушмакчы. Жолугушууда кыргыз-иран кызматташтыгынын азыркы абалы жана өлкөлөр ортосундагы мамилени мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Ошондой эле эки өлкө башчысы кызматташуу боюнча документтерге кол коюшмакчы. Атамбаев 1-3-сентябрь күндөрү иш сапары менен Кытай Эл Республикасында болуп, Бээжин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.