Президент
Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын сентябрында “Дүйнө элдеринин эпостору” III Эл аралык
эпикалык-маданий фестивалын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (1 миллион) сом бөлдү. Мамлекет башчы бул тууралуу буйрукка 4-сентябрда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Аталган фестиваль бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп жатат.