Владимир Путин Стивен Сигал менен мушташуудан баш тартты

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Ян Орусиянын президенти Владимир Путинге рингде америкалык актёр Стивен Сигал менен беттешүүнү сунуштады. 
Орусиялык маалымат булактарынын билдиришинче, мындай сунуш бүгүн, 4-сентябрда Кытайдагы иш-чаралардын биринде айтылды. Аралдардын биринде океанариумду көрүүгө барган Путинди Приморскийдин губернатору Владимир Миклушевский, кытай делегациясынын өкүлдөрү жана аталган актёр тосуп алган. Имаратка кирүү алдында Ван Ян таймашуу жаатында Путин менен Сигалдын кызыкчылыктары окшош экенин белгилеп, аларды атаандаш катары рингде көргүсү келерин билдирди.
Путин тамашалуу мүнөздө: "Мен макул болмок эмесмин",- деген жооп узатты. 
Владимир Путин 11 жыл самбо жана дзюдо менен машыккан. 2006-жылы ал Европалык дзюдо союзунун ардактуу президенти, 2010-жылы түштүк кореялык университеттердин биринен "Дзюдо тармагынын доктору" деген Ардак дипломун алган. Орусия лидери самбо боюнча Спорт чебери экени белгилүү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан