2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө 75 мекеменин бардыгы өз бюджеттерин программалык негизде беришти. Каржы министрлигинин билдиришинче, муну менен министрликтер менен ведомстволордун иш максаттары, приоритеттери жана багыттары көрүнөө болуп калды.
"Программалык бюджетке этап-этабы менен өтүүнүн алкагында быйылкы жылдын май айында Каржы министрлиги 2016-2018-жылдарга программалык негизде бюджетти түзүү боюнча бюджеттик циркулярды жаңылаган. Быйылкы жылдын июнь айында министрлик программалык бюджеттөө боюнча эки семинар өткөрүп, ага 60 бюджеттик мекемеден 136 кызматкер катышты",- деп билдирет мекеме.