Шайлоо-2015: Өзгөн "Бир болду" колдойт

"Бир бол" саясий партиясы бүгүн, 4-сентябрда Өзгөн шаарында жергиликтүү шайлоочулар менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Партиядан билдиришкендей, жолугушууга Мыктыбек Абдылдаев, Аскарбек Шадиев, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, Жаныбек Бакчиев, Игорь Чудинов, Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова, Кубанычбек Жумалиев, Улугбек Ормонов, Кыяс Молдокасымов жана Лунара Мамытова катышты.
Жергиликтүү тургундардын алдында партия лидерлери сөз сүйлөп, мамлекетибизде масштабдуу иш-чара - парламенттик шайлоо күтүлүп жатканын, шайлоодон өлкөнү өнүктүрүүнүн келечеги көз каранды экенин белгилешкени айтылат маалыматта.
Партиянын талапкерлери "Бир болдун" шайлоо алдындагы "Илбирс секириги" программасынын негизги багыттары менен тааныштырышты. Программа ишке ашса, 5 жылдын ичинде жыйынтык берери айтылды: кошумча 70 миң жумуш орунун түзүү, ички дүң продукциянын көлөмүн жогорулатуу, реалдуу кирешени жана пенсияны 2 эсе көбөйтүү негизги максаттардын бири экенин белгилешти. Стратегиялык максат - мамлекетибизди 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарына кошуу.
"Саясатта кесипкөйлөр болушу керек. Жакырчылык, жумушсуздук көйгөйүн чечип, экономикалык секирик жасоо мезгили келди. "Бир бол" партиясынын мындай программасы бар, биз аны кантип ишке ашыруу керектигин билебиз",- дешти талапкерлер.
Мыктыбек Абдылдаев: "Мен эч качан өз элимди аймактык өзгөчөлүктөрүнө карата бөлбөйм. Элибиз гүлдөгөн турмушта жашаса дейбиз, силердей жарандар өлкөнүн жаркын келечеги үчүн бири-бирин колдоп, алдыга жылышы керек. Өнүгүүдө башка өлкөлөрдөн артта калбоо үчүн элибиздин ири потенциалын пайдаланышыбыз кажет",- деп билдирди.
Өзгөн районунун тургундары партия өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришип, "Бир болдун" стратегиясын колдой тургандыктарын айтышканы, мындан ары партия лидерлери Ош шаарында жолугушуу өткөрүшөрү маалымдалды.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан