Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын жыйынынын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Казакстандын Жогорку Сотунун төрагасы Кайрат Мами, Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстандын Жогорку Сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары Кучкар Тогаев, Кытайдын Жогорку Элдик Сотунун төрагасынын орун басары Ху Юнтенг биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 5-сентябрда билдиришти. Билдирүүдө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун кызматташтыгын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу үчүн иш сапарларды, конференцияларды уюштуруу жана башка иштерди аткаруу жагы камтылган.
Эскерте
кетсек, 3-сентябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна
мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өткөн. Анын алкагында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева уюмга мүчө мамлекеттердин
Жогорку Сотторунун делегациясынын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.