Бүгүн, 5-сентябрда Тегеран шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын президенти Хасан Роуханинин жолугушуусунун расмий аземи өттү. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчысын "Саадабад" ак сарайлар комплексинин "Жумхури" имаратынын алдында Ирандын президенти тосуп алды. Мамлекет башчыларынын учурашуусунан кийин эки өлкөнүн гимндери аткарылды.
Расмий жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. Алмазбек Атамбаев менен Хасан Роухани Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы келечегин жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашканы айтылды.