Баткендин шаардык стадиону 5-сентябрда Эгемендүүлүк күнүндөгүдөй элге толуп турду. “Бир бол” партиясынын лидерлери менен жолугушууга жана алар менен пикир алышууга 10 миң адам чогулду.
Жогорку Кеңештин депутаты, генерал Мыктыбек Абдылдаев Баткенге келген сайын 1999-жылды эстээрин айтты. Өлкө үчүн кыйын кезде генерал ички иштер министринин биринчи орун басары кызматында мамлекет тагдырын моюнуна алып, бүт иштерди координация кылып турган.
Абдылдаев: "Ал убакта карапайым эл, баткендиктер менен биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калдык, чек араны коргодук, бул үчүн Баткен элине миң мертебе ыраазычылык билдирем. Баткендиктерим, кыргыз мамлекетинин чек араларын коргогула, туулган жериңерди таштап кетпегиле! Көйгөйлөр көп, чек ара маселеси курч, биз аягына чейин коопсуздук маселесин чечип, куралдуу күчтөрүбүздү кубатташыбыз керек"- деп элге кайрылды.
Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов Баткендин карапайым элинин чек араларыбызды коргоп, бир жагынан бактарды гүлдөтүп-өстүрүп жатканын абдан баалаарын билдирди. Ал Аскарбек Шадиевдин жасаган иштерине да токтолду. “Бүгүнкү күндө ишке кирип, Баткен облусун энергетикалык жактан көз карандылыктан биротоло арылткан "Айгүл-Таш – Самат" ЛЭПтин реконструкцияланышы Аскарбек Шадиевдин демилгеси менен ишке ашканын, ал долбоор үчүн ал кандай талашканын билесиңерби?”- деди Чудинов. "Кышында да светиңер өчпөй турганына Аскар мырзага рахматыңарды айтсаңар болот. Бул гана эмес, Кыргыз Республикасынын түндүгүн да энергетикалык коопсуздук менен камсыз кылуу жаатында "Датка" жана "Датка-Кемин", Жогорку Нарын ГЭС каскаддары долбоорлорунун ишке киришине да салымын кошкон",- деп баса белгиледи мурунку премьер-министр.
Игорь Чудинов Арзыбек Бурканов жөнүндө мындай деди: "Ал убагында Баткенди газ менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп чыккан, бирок ал ишке ашкан жок. Бизге ишеним артсаңар, биз сөзсүз газификацияны ишке ашырабыз”.
Парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты Арзыбек Бурканов Баткендин губернатору болуп аз иштесе да, жолдорду асфальттап, көчөлөрдү жарыктандырганын айтты. “Мени эл ичинен силерден алыстатып ары карай алып кетишти, бир жылга жетпей кызматтан алышты. Мен ошондо айттым эле, сөз берип, "парламентке барып, элим үчүн иштеп берем" деп. Мен ар дайым силердин жаныңардамын, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жанымды аябай иштөөгө даярмын”,- деп кайрылды Бурканов.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.