Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 5-сентябрда Тегеранда Ирандын экс-президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Ирандын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, тараптар кыргыз-иран эки тараптуу кызматташуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Президенттик аппараттан маалымдагандай, мамлекет башчы кыргыз жеринде экономиканы өнүктүрүүгө багытталган реформалар, коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалымат берген.