"Өкмөттө ашыкча макулдашуулар жана бюрократиялык убаракерчилик азайтылды",- деп билдирди премьер-министр
Темир Сариев 5-сентябрда Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Сариев учурда мамлекеттик
органдардагы тартипти жөнгө салуу жана талапты күчөтүүгө аракет көрүлүп жатканын билдирди.
“Биздин негизги талап - тартипти жөнгө
салуу. Тартипти жөнгө салмайынча иштин
эффективдүүлүгүн жогорулатуу болбойт. Ошондуктан мамлекеттик
органдардагы ички тартипти жөнгө салуу менен алардын иштөө стилин
өзгөртүп жатабыз. Мунун негизинде министрликтердин жоопкерчилиги
жогорулады”,- дейт өкмөт башчысы.
Жол-кайгуул кызматы системин реформалоо боюнча документтер иштелип чыкканын айткан премьер: “Өлкөдө өнүгүүнүн аныкталган багыты бар. Учурда өлкө үчүн маанилүү болгон бир нече долбоорду ишке ашыруунун
үстүнөн иштеп жатабыз",- деди.