Бишкекке кышка чейин кошумча 20 көмөк чордон орнотулат
Бишкекти электр жарыгынан кем кылбоо үчүн кышка чейин шаарга кошумча 20 көмөк чордон орнотулат. "Түндүк электр" ишканасынан билдиришкендей, акыркы жылдары кышкысын электр кубатын бөлүштүрүү түйүндөрү басым менен иштеп жатат. Айрым райондордо көмөк чордондор өтө жогорку басымда иштегендиктен жабдуулар иштен чыгып, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп жатканы айтылды. Быйыл кышка чейин Чүй облусуна 25, Талас облусуна 16 көмөк чордон орнотулмакчы. "Быйылкы жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарына 12, Чүй облусуна 16, Талас облусуна 12 кошумча көмөк чордон коюлду",- деп билдирет мекеме.