"Адамга нан гана эмес, эркиндик дагы керек" дейт коомдук ишмер Айнура Усупбекова

"Учурда саясий партиялардын көбү элди кантип баксак, алдыга кантип жылдырсак деген гана ойду айтып жатышат",- деп билдирди 7-сентябрда Бишкекте тегерек столдун жүрүшүндө "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова. Анын айтымында, адамга нан гана эмес, эркиндик дагы керек.
"Албетте, элди багуу, алдыга жылдыруу - маанилүү нерсе. Бирок жарандык коомдун өнүгүүсүнө, сөз эркиндигине алар эмне алып келе алышат? Бул чоң суроо. Учурда саясий партиялар баарын аткарабыз, жасайбыз деп жатышат. Бири-бири менен эч качан бирикпейт деген партиялар биригип, чогуу парламенттик шайлоого аттанышты. Мындан улам биз билгибиз келет, кайсы партия жарандык коомдун эркиндиги үчүн иштейт? Ошого жараша добуштар берилет. Буга карап кийин алардын берген убадасын эстете алабыз",- дейт Усупбекова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан