Бишкектин көчөлөрүндө "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы веложүрүш акциясын өткөрдү. Партиядан билдиришкендей, акцияга 50дөн ашык адам катышып, жолдо жүрүү коопсуздугун Бишкек шаарынын Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери карап беришти. Веложүрүш маршруту шаардын Түштүк магистралынан башталып, Абдрахманов - Ахунбаев - Юнусалиев - Горький көчөлөрү аркылуу болду.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.