Ички иштер министрлиги бүгүн, 7-сентябрда саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, партиянын штабы жайгашкан кеңселерди кайтаруу ишине олуттуу көңүл бурууга чакырды. Парламенттик шайлоо маалында коопсуздук чараларын күчөтүү: видеокамераларды орнотуу, терезелерге темир торлорду каптоо, өрт коопсуздугуна алдын ала кам көрүү, штабга түнкүсүн нөөмөтчү коюуну сунуштады.
"Шайлоого карата 2280 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти 8000 милиция кызматкери жана 8000ден ашык элдик кошуундун өкүлдөрү көзөмөлдөшөт. Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда аларды сактап, коргоону камсыздайт. Шайлоо алдындагы кырдаалды эске алуу менен комплекстүү иштер жүргүзүлөт. Атайын тополоң чыгарууга аракеттенгендерге катуу чаралар көрүлөт",- деп билдирди ИИМ.