8-сентябрда Беларусь өлкөсүнүн Гродно шаарында
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелери карала турганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Кыргыз Республикасы аталган биримдикке 12-августта толук кандуу мүчө болгон.