Кыргыз мамлекетинде салык кызматкерлеринин парламенттик шайлоого карата кайсы бир саясий партияларды колдоп үгүт иштерин жүргүзүшүнө тыюу салынды. Бул тууралуу 7-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Аталган мекеменин башчысы Замирбек Осмонов салыкчылардын түздөн-түз милдети өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу планын аткаруу экенин белгилеп: "Салык кызматы саясаттан тышкары болушу керек, анын өзүнүн миссиясы бар, бул – салык чогултуу. Эгерде аймактык Салык башкармалыгынын жетекчиси кандайдыр бир партиянын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүп жатканы билинсе, аны жазалап гана тим болбой, ээлеген кызматынан бошотобуз”,- деп билдирди.
Осмонов Салык кызматына кошумча функцияларды өткөрүп алууга байланыштуу быйылкы жылы жүктөлгөн жаңы милдеттерди атады.