2015-жылдын сентябрына республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 8 миллиард 399 миллион сом, чыгашасы 10 миллиард 925 миллион сом болору пландалууда. Каржылык эмес активдер боюнча чыгымдар 853 миллион сомду түзөрүн, анын ичинде “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 808 миллион сом, “машиналар жана жабдуу” беренеси боюнча 38 миллион сом, башка негизги фонддор боюнча 7 миллион сом жумшоо пландалып жатканын билдирет Каржы министрлиги.
"Каржылык активдер боюнча чыгымдар 773 миллион сомду, милдеттенмелер боюнча чыгашалар 313 миллион сомду түзмөкчү. Операциялык чыгымдарга 7 миллиард 259 миллион сом жумшоо пландалууда. Мунун ичинен 2 миллиард 268 миллион сом маяналарга, 1 миллиард 407 миллион сом социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга сарпталат",- деп айтылат маалыматта.