Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик жардам берүү боюнча Орусиянын тажрыйбасын үйрөнүүдө. Министрликтен кабарлагандай, кыргыз делегациясы 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин Орусиянын социалдык коргоо системинде иштеген өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү.
"Сапардын жыйынтыгында мекемелер аралык жумушчу топ аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөгү балдарга социалдык келишимдин негизинде ай сайын жөлөк пул берүүнүн механизмин иштеп чыгат. Башкача айтканда, жөлөк пул тийиштүү милдеттенмелерди аткаргандарга гана бериле баштайт. Социалдык келишимдин башкы талабы - адамдын оор турмуштук кырдаалда жашап жатканы болот",- деп билдирет министрлик.