Шайлоо-2015: “Бир бол” партиясынын лидерлери Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту

Кечээ, 6-сентябрь күнү Каракол шаарынын миңдеген шайлоочулары “Бир бол” партиясынын лидерлери менен жолугушуп, аталган партиянын шайлоо алдындагы программасы менен таанышышты. Партиядан билдиришкендей, жолугушуунун башында Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, Ысык-Көл облусунан чыккан чыгаан жигиттер “Бир бол” партиясынын катарында экенин айтты. 

“Бир бол” партиясы чыныгы кесипкөйлөрдөн куралган. Биздин катарыбызда өзүңүздөрдөн чыккан Өмүрбек Эгембердиев, Нурлан Токоноев, Мурат Жакыпбаев, Бактыбек Турусбеков сыяктуу күчтүү азаматтар бар. Булар сөзүнө туруктуу, чынчыл инсандар. Мындай туруктуу жигиттерди колдоп бериңиздер. Биз баарыбыз биргеликте өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга даярбыз”,- деп билдирди Шадиев. 

Акылбек Жапаров “Бир бол” партиясынын өкүлдөрүнүн Ош жана Баткен облусунун эли менен болгон жолугушуулары тууралуу сөз кылганы айтылды. 

“Ош облусунун 30 миңге, Баткен облусунун 20 миңге жакын шайлоочулары менен жолугушуп, өз программабызды талкуулап келе жатабыз. Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн күрөшөбүз. Бюллетенде бизге 12 деген номер туура келди. Айрым көзү ачыктар бул бир же эки деген белги деп айтышууда. "1 деген сан кантип көпчүлүктү бириктирет?" деген суроо туулуп жатат. 1 деген санга “Бир бол” деген сөздү кошуп койсок бул баарыбызды бириктирет экен. Биз бүтүн бир элбиз, бирдиктүү күчпүз, ошондуктан Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн бар бололу, бир бололу!”- дейт Жапаров.

Мыктыбек Абдылдаев өз сөзүндө Ысык-Көл жергесинде 14 жыл иштегенине токтолуп, аймактын бардык көйгөйлөрүн билерин белгилеп, “Бир бол” партиясы жеңишке жетишсе, өлкөдөгү чек ара маселелерин, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын кошуна мамлекеттер менен тыгыз иштешүүгө буруп, тең ата сүйлөшүү менен ылдам чечүүгө багыттаса болорун айтты.

Лидерлерди эл жылуу кабыл алып, партиянын программасын кунт коюу менен угуп отурушканын маалымдашты партиядан. 

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан