Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зорбек Бийзаев 2 жылдан берүү издөөдө жүргөндүгү белгилүү болду. Жыйында ИИМдин өкүлү Мурат Капаров Бийзаев мындан 2 жыл мурун 22 килограмм 500 грамм күмүш менен кармалганын айтты.
“Бийзаевге Кылмыш жана жаза кодексинин 208-беренеси (баалуу таштарды мыйзамсыз сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кармалып, бирок тиешелүү экспертизалар даяр болбогондуктан коё берилип, кийин качып кеткен. Бийзаев 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө камалышы мүмкүн”,- деди ИИМ өкүлү.
Бул боюнча БШК мүчөсү Канатбек Азиз: “Талапкер эки жылдан бери Ош-Бишкек каттамы боюнча кенен учуп жүргөндүгү жөнүндө тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Ал издөөдө жүргөнүн бизден укканын айтты”,- деди.