Ошондой эле Т.Усубалиевдин сөөгүн жерге берүү иш-чарасын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Буйрукка ылайык, уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жетектейт. Аталган комитетке сөөк коюуну жана жарандык коштошуу зыйнатын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды.
Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Тарых музейинде өтөт. Ал 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду.