Өкмөт. Шайлоочулардын саны 2 миллион 605 миң адамга жетти

Шайлоочулардын саны 2 миллион 605 миң адамга жетти. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 7-сентябрда Бишкек шаарындагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен болгон жолугушууда айтканын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Сарпашев ошондой эле "Өзүңдү тизмеден текшер!" аттуу акциянын алкагында 2 күндүн ичинде өзүн шайлоочулардын тизмесинен 20 миң адам текшергенин, анын 98 пайызы өздөрүн тизмеден таба алганын кошумчалады.

“Республика боюнча 2 күндүн ичинде 20 миң адам өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерди. Алардын айрымдары каттоого турбаган аймак боюнча өзүн тизмеден таппай калды. Албетте, бул көрүнүш добуш берүү учурунда кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан сиздер шайлоочуларга шайлоо тилкелери кайсы жерде экенин түшүндүрүп беришиңиздер керек”,- деди Сарпашев.

Жарандар биометрикалык маалыматтарын 19-сентябрга чейин тапшыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан