Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейддик текшерүү жүргүзө баштады

Мамлекеттик салык кызматы бүгүндөн тартып жол-кайгуул кызматкерлери менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейддик текшерүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу 8-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

Салык кызматы транспорт каражаттарынын ээлеринен унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техникалык кароодон тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөктү да ала жүрүүсүн суранат. Учурда транспорт салыгын жыйноо улантылып жатат. 

Эскерте кетсек, унаа ээлери 1-сентябрга чейин салык төлөбөсө, мыйзамга ылайык, 2 миң сом өлчөмүндө административдик жоопкерчиликке тартылары тууралуу аталган мекеме буга чейин бир нече жолу эскерткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан