Дем берүүчү гранттардын эсебинен 173,7 миллион сомго 188 долбоор каржыланды

Ушул жылдын 1-сентябрына карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен 173 миллион 725 миң сомго 188 долбоор, анын ичинде 20 миллион 901,3 миң сомго 40 өткөөл долбоор, 152 миллион 823,7 миң сомго 148 жаңы долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын берген отчётторунан көз каранды. Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, үлүштүк грант отчёт берилгенден кийин, долбоордун тибине жараша каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет.    

2015-жылдын январь-август айларында үлүштүк гранттардын категориялар боюнча 188 долбоорго бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй болду:

- мектептер: 78 долбоор – 73 миллион 375,1 миң сом же үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын жалпы каржылануучу көлөмүнүн 42,3 пайызы;

- бала бакчалар: 46 долбоор – 43 миллион 541,7 миң сом же 25,1 пайызы;

- спорт багытындагы объекттер: 20 долбоор – 20 миллион 904,2 миң сом же 12,1 пайызы;

- маданий маанидеги объекттер: 20 долбоор – 16 миллион 511,5 миң сом же 9,5 пайызы;

- инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери: 16 долбоор – 9 миллион 668,3 миң сом же 5,5 пайыз;

- административдик маанидеги объектилер жана башка: 8 долбоор – 7 миллион 412,4 миң сом же 4,2 пайыз;

- саламаттык сактоо объекттери: 3 долбоор – 2 миллион 311,8 миң сом же 1,3 пайыз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан