Каржы министрине социалдык милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу зарылдыгы айтылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштин башкы багыттары жана келерки жылга карата негизги каржылык документтин параметрлери талкууланды.

Каржы министри мамлекет башчысына жүргүзүлүп жаткан бюджет саясатынын негизги аспектилери жана социалдык, транспорттук инфраструктураны каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев республикалык бюджетти так жана ырааттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкө жарандарынын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелердин өз учурунда аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан