Ушул жылдын 10-сентябрынан тартып пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала башташат. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 4817 сомду түзөт. Бул тууралуу 7-сентябрда С
оциалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда билдиргенин президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчы Абылгазиевди
кабыл алууда
Социалдык фонддун учурдагы ишмердүүлүгү, пенсиялык камсыздандыруунун абалы жана пенсияга төлөмдөрдү каржылоо маселелери тууралуу маалымат алды. Ошондой эле президент Социалдык фонддун төрагасы менен жарандарга адилет мамилени камсыз кылууга багытталган пенсиялык камсыздандыруу системин реформалоонун артыкчылыктуу багыттарын да талкуулады.Алмазбек Атамбаев социалдык милдеттенмелерди сапаттуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети экендигин айтты. Президент пенсиялык камсыздандыруу системин мындан ары да реформалоонун зарылдыгын баса белгиледи: ал системдин туруктуулугун жогорулатып, жарандарды татыктуу пенсия менен камсыздоонун кепилдиги болушу керек.