Бүгүн, 8-сентябрда Беларустун Гродно шаарында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Кеңештин кеңири чөйрөдөгү жыйынына премьер-министр Темир Сариев катышты. Сариев анда сүйлөгөн сөзүндө Евразиялык экономикалык биримдиги дүйнөдөгү ири жана динамикалык жактан өнүгүп жаткан уюмдардан экенин белгилеп, уюмдун эл аралык чөйрөдөгү ишмердигин өнүктүрүү үчүн мүчө өлкөлөрдөн жигердүү аракеттер талап кылынарын билдирди.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, өкмөт башчы Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук укуктуу мүчө болуп, чек арадагы бажы көзөмөлү алынганы менен, бирок учурда Кыргыз Республикасынан биримдиктин башка өлкөлөрүнө товарларды эркин жүгүртүүдө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи.
"Мындай кырдаал техникалык маселелер менен байланыштуу деп эсептейбиз. Бирок биздин өнөктөштөрдөн көрсөтүлгөн учурда дыкат көңүл буруп, Кыргыз Республикасынан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товар жана адамдарга карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүнөбүз. Биздин жарандарыбыз ЕАЭБге кошулуунун бардык оң тараптарын, анын ичинде ветеринардык көзөмөлдүн алынып салынышын жана кыргыз тараптын ветеринардык көзөмөл системинин таанылышын сезиши керек",- деди Темир Сариев.
Муну менен катар ал эт жана сүт азыктарына тарифтик квоталарды аныктоо чечимин тездетүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясына тапшырма берүүнү жана бул маселенин кыргыз өлкөсү үчүн социалдык мааниси жогору экенин белгилеп, чечимдин 2015-жылдын 1-октябрына чейин күчүнө кирүүсүн сунуштады. Ошондой эле дүйнөлүк экономика каатчылык учурду башынан өткөрүп жатканда биримдик ичиндеги кызматтыштыкты кеңейтип, айыл чарба кооперациясы жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар үчүн бирдиктүү ветеринардык жана санитардык нормаларды иштеп чыгууну сунуш кылды.
Өз сөзүндө премьер-министр ЕАЭБ туш болуп жаткан жаңы чакырыктардын шартында биримдик мүчөлөрү ЕАЭБдин негизги принциби болгон өз ара пайдага негизделген кызматташтык жана бардык тараптын кызыкчылыгына төп келген тең ата мамилени сактоого басым жасоо зарылдыгын белгиледи.