2016-2018-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунда 2016-жылга акциздик салык боюнча жалпысынан болжолдонгон сумма 10 миллиард 621,8 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу 8-сентябрда Каржы министрлигинен билдиришти.
Жогорудагы божомол акциздик салыктын белгиленген чендерин жана мурунку мезгилдердеги чогултуунун анализин колдонуу менен тизмеги Салык кодексинде белгиленген товарлардын акциздик түрлөрүн өндүрүү жана ташып кирүү көлөмдөрүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө негизделген. Ошондой эле эсеп-кысап Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн жана акциздик салыктын чендеринин көбөйүүсүн эске алуу менен жүргүзүлгөн.
Алсак, 2016-жылга арак-шарап боюнча ички өндүрүмгө акциздердин болжолдуу суммасы 1 миллиард 177,9 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Ички өндүрүмгө акциздик салыктын жалпы суммасы 1 миллиард 886,5 миллион сомду түзөт. Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып кирүүчү өндүрүмгө акциздик салыктын божомолу 1 миллиард 585,3 миллион сом суммасында белгиленген. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн ташылып кирүүчү өндүрүмгө акциздик салыктын божомолу 7 миллиард 150 миллион сом суммасында белгиленген.
Акциздик салыктын эсептик суммасы толугу менен республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.