Чарба жүргүзүүчү субъекттердин карызын кайтаруудан бюджетке 1,9 миллиард сом келип түштү

2015-жылдын 8 айында республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча 1 миллиард 920 миллион сом суммасындагы карыздар кайтарылды, анын ичинде:

- негизги карыз – 1 миллиард 91,7 миллион сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 828,3 миллион сом.  

Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын 8-сентябрда берген маалыматына караганда, 2015-жылдын 8 айында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча тындыруунун көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөнкүдөй болду:

Көрсөткүчтөр

2015-жылдын 8 айында тындырылганы (миллион сом менен)

2014-жылдын 8 айында тындырылганы

(миллион сом менен))

2014-жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыздар

Негизги карыз

1 091,76

1 014,30

107,6

Пайыздар жана айып пулдар

828,35

466,37

177,6

Бардыгы

1 920,11

1 480,67

129,7

2015-жылга республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн божомолу 2 миллиард 762,5 миллион сомду түзөт, анын ичинде:

- негизги карыз – 1 миллиард 485,9 миллион сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 1 миллиард 276,5 миллион сом.

Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана карыз милдеттенмелеринин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү (кайтаруу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып таштоо) тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн. 

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча мамлекеттик зайым каражаттарынын кайтарылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан ишке ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан