Кыргыз мамлекети 2014-жылы кант кызылчасы менен өзүн өзү 13 пайызга гана камсыздады. Бул тууралуу 15-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде өткөн жыйында айтылды. Былтыркы жылдын кургакчыл болгондугуна байланыштуу быйыл кант кызылчасынын аянты 2000 гектарга азайып кеткен. "Кант кызылчасынын аянтын 2016-жылы көбөйтүү зарыл. Сунуштар, пикирлер талкууланып, 2016-жылга даярдык көрүү, бааларды аныктоо керек. Кант кызылчасын себүү аянттары азайып кеткендиктен, кантты импорттоого туура келүүдө",- дейт министрликтин башчысы Таалайбек Айдаралиев.
Жыйынга катышкан фермерлер "Кайыңды кант" заводунун жетекчилигине сын айтышып, заводдун өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдү чечип бермей болушканын билдирет министрлик.