Исфана шаарынын элине буга чейин таза суу суткасына 2 саат гана берилип келген. Дүйнөлүк банктын колдоосу, кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын негизинде курулган кампа эми Исфана шаарындагы 14 миңдей жашоочуну таза суу менен камсыз кылат. Курулган эки кампа ишке кирсе, шаар тургундарына суткасына 8 сааттан таза суу берилет. Бул тууралуу 16-сентябрда аталган шаардын мэри Абдумухтар Анарботоев билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын 22-ноябрында “Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуу системин реабилитациялоо” долбоорунун курулуш иштери башталган. Долбоордун жалпы суммасы 108 миллион 880 миң сомду түзөт.
Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 1-июнуна карата 90,5 миллион сомдук жумуштар аткарылган. 3 скважина казылып, 700 кубдук 2 даана суу чогултуучу же 1400 кубдук кампа жана шаар ичине 8,9 чакырым суу түтүктөрүнүн линиясы тартылган. Ал эми Бөзөгүл тилкесине 400 миң куб суу чогултула турган 2 же 800 кубдук суу кампасы курулган жана айыл ичине 4,3 чакырым суу түтүктөрү тартылган.
Курулуштун ишке берилиши менен Исфана шаарындагы 13 500 адам таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле Исфана шаарынын Бөзөгүл аймагындагы 3488 жашоочуга суу берилет.