Азербайжанда окуган кыргыз курсанттарына парламенттик шайлоо тууралуу түшүндүрмө берилди

Кыргыз мамлекетинин Азербайжандагы элчиси Айжигит Буранов 14-сентябрда Г.Алиев атындагы Жогорку аскердик окуу жайында окуган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. ТИМдин билдиришинче, курсанттар менен жолугушуу 4-октябрдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү иштеринин алкагында өтүп, элчи бул маанилүү иш-чара тууралуу маалымат берди.  
"Курсанттардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо маселеси, социалдык-тиричиликтик көйгөйлөр, курсанттардын бош убактысын туура пайдалануу жаатында талкуу жүрдү. Кыргыз жарандарынын Азербайжанда жүрүү тартиби тууралуу маалыматтык көргөзмөлөр жана биометрикалык маалымат топтоо иштери болду",- деп билдирет ТИМ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан