Бишкектеги кошумча шайлоо пункттарынын абалы текшерилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте ачылган кошумча шайлоо участкаларына барды. Маалыматка таянсак, кошумча пункттардын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыгы текшерилип, БШК башчысы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери жана өзүн тизмеден тактоого келген жарандар менен пикир алышты. 
"БШКнын жетекчиси кошумча пункттардан добуш берүүчү жарандардан тийиштүү документтерди кабыл алуу процессинин жүрүшүн көрдү. Шаарда каттоосу жок жарандар үчүн шайлоо күнү кошумча 46 добуш берүү түйүнү иштейт. Мунун 39у Бишкекте, 7си Ош шаарында жайгашкан",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан