Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз жергеси тууралуу түрдүү видеотүрмөктөр Малайзиянын
"BERNAMA TV" телеканалынан көрсөтүлдү. 8-9 мүнөттүк роликтер үч тилде: кыргыз, англис жана малай тилдеринде күнүнө эки жолудан көрсөтүлүп, эфирден миллиондогон көрүүчүлөр Кыргызстан жөнүндө маалымат алышкан. Кыргыз жерин даңазалаган роликтер малайзиялык телеканалдардан 7 күн бою берилип турду.
Эскерте кетсек, быйыл 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар кыргыз жергесинде 5 күн болушуп, мамлекетибиз тууралуу репортаждарды даярдап кетишкен эле.