Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жолугушууга эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасынын аймактык директору Фред Хьюстон, программанын улук кеңешчиси Айбек Давлетов, программанын бюджет боюнча кеңешчиси Нурлан Дүйшеев, координатору Эльдияр Сеитказиев жана «Метаметрикстин» мониторинг жана баалоо боюнча адиси Лео Сурла келишти.

Жолугушууда тараптар 2012-жылдан 2015-жылга чейинки аралыктагы биргелешип алып барган иштерди жыйынтыкташты. Муну менен катар Жамашева Фред Хьюстонго Жогорку Сотко жана жергиликтүү сотторго акыркы үч жылда көрсөткөн материалдык жана техникалык көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал эми Хьюстон 2016-жылы да кыргыз сот тутуму үчүн жардамын аябастыгын белгилеп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан