Шайлоочулардын тизмесинен тактала элек 6 миңге жакын жаран бар

Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок шайлоочулардын тизмесинен тактала элек 5827 жаран бар. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин журналисттер менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. 
Маалыматка караганда, 16-сентябрга карата биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны 2 миллион 807 925ти түздү. Маалыматтардын басымдуу бөлүгү акыркы 4-5 айда чогултулган. Учурда шайлоочулардын базасы түзүлүп, ага 2 миллион 670 469 адам кирген.
Айта кетсек, биометрикалык маалыматтарды чогултуу 18-сентябрда кечинде токтотулуп, кайра бир айдан кийин жанданат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан