Бир катар президенттер Алмазбек Атамбаевди 59 жашка чыгышы менен куттукташты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 17-сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Назарбаев куттуктоо телеграммасында Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тушунда кыргыз өлкөсү саясий туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө жетишкенин, эл аралык жана аймактык аренада кадыр-баркка ээ болгонун белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши өлкөнүн бүтүндөй өнүгүшүнө, мындан тышкары биздин кызматташтыгыбызга жаңы импульс берерине ишенем. Өлкөлөр ортосундагы достукка жана эки тараптуу кызыкчылыкка негизделген стратегиялык мамиле мындан ары да бекемделмекчи",- деген Назарбаев мамлекет башчыга бекем ден соолук жана ийгилик, кыргыз элине
гүлдөп-өнүгүү каалады.
Ушундай эле куттуктоону бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин жөнөттү. "Президенттик кызматта иштеп турганыңызда мекендештердин зор урматтоосуна жана жогорку эл аралык кадыр-баркка ээ болдуңуз. Кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз чоң. Биздин ортобуздагы конструктивдүү жумуштук мамилени жогору баалайм",- деп билдирет Орусия лидери.
Президенттин туулган күнүнө арналган куттуктоолор Кытайдын лидери Си Цзиньпинден, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон, Беларусь президенти Александр Лукашенкодон, Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевден, Украинанын президенти Пётр Порошенкодон, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевден, Башкортостандын мамлекет башчысы Рустэм Хамитовдон, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжадан, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон да келгени айтылды.
Айта кетсек, бүгүн 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 59 жашка чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан