Энергетикадагы жоготууларды азайтуу боюнча программаны иштеп чыгууну тездетүү талабы айтылды

Энергетикадагы жоготууларды азайтуу боюнча программаны иштеп чыгууну тездетүү зарыл. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль өкмөттө тийиштүү тапшырмалар боюнча мамлекеттик органдардын башчыларынын маалыматын угуу учурунда айтты. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, вице-премьер буларга токтолду:
"Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы стратегиялык тапшырма - коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтуу. Жоготууларды азайтмайынча энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул боюнча 3 жылдык программаны иштеп чыгууну тездетүү, анын негизги бөлүгү катары "акылдуу" эсептегичтерди жайылтуу зарыл. Мындан тышкары көмөк чордондорду жана ГЭСтерди жаңылоо керек. Көптөгөн чакан ГЭСтер техникалык модернизациялоого муктаж". 
Диль энергетикалык жана электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын карыздарын жоюу механизмдери боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү айтып: "Компаниянын каржылык көрсөткүчтөрү эптеп жан бага тургандай эмес, өнүгүүгө мүмкүндүк бере турган деңгээлде болушу керек",- деп билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан