Аймакты өнүктүрүү фонддорунун ишин атайын түзүлгөн жумушчу топ тескейт

Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишин атайын түзүлгөн жумушчу топ тескейт. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Экономика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 
Министрликте кечээ аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө тегерек стол өтүп, ишкерлер фонддордун ишмердүүлүгүнө жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу тартибине көңүл буруу зарылдыгын белгилешкен. 
Фонддун администратору болуп дайындалган адамдардын чөйрөсүн кайрадан карап чыгуу керектигин да айтышты ишкерлер. Жыйынтыгында Экономика министрлигинде аталган фонддордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоону жөнгө салуу боюнча атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлөрү белгилүү болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан