Саясий партияларды каралоо үчүн баннерлерин атайылап дарактарга жана эстеликтерге илген топ боюнча иштер ИИМге өткөрүлүп берилет

Саясий партияларды каралоо үчүн баннерлерин атайылап дарактарга жана эстеликтерге илген топ боюнча иштер ИИМге өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды. 
Жумушчу топтун жетекчиси жана баяндамачысы Нурмамат Ашимовдун айтымында, учурда бул боюнча "Ата Мекен" саясий партиясынан бир нече арыз келип түшкөн. 
"Анда белгисиз бир топ саясий партиялардын стикерлерин алып баннерлерди жасап, мыйзамга туура келбеген жактарга илишүүдө делет. Мисалы, Улуттук университеттин алдындагы эстеликке баннерлерди илип видеого тартып, кайра алып койгон топ бар экен. Биз алардын артынан түшүп таба албайбыз, ошондуктан чогултулган маалыматтарды Ички иштер министрлигине өткөрүп беребиз",- деди БШК мүчөсү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан