Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 18-сентябрда Бишкек шаарындагы жана Калыс-Ордо конушундагы кошумча шайлоо пункттарынын абалын көрдү. Сарпашев биометрикалык маалыматтарын тапшыруу үчүн кезек күткөндөр жана шайлоо тилкесин которуу боюнча арыз толтургандар менен пикир алышты. Өкмөттүк аппараттын билдиришинче, кезекке тургандар биометрикалык маалымат тапшыруу мөөнөтүн узартууну суранышкан.
"Мыйзам боюнча, бүгүн биометрикалык маалымат топтоонун жана жарандардын добуш берүүчү тилкелерин алмаштырууга арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү бүтөт. Бүттү, өздүк маалыматтарын берүүгө жетишпей калгандар же атайын тапшырбай койгондор мамлекетке жасаган чыныгы мамилесин көрсөтүштү жана өлкөнүн келечегине кайдыгерлигин далилдешти. Бир жылдан бери жеке маалымат топтоо иштери жүрдү, бүгүн эми биометрикалык маалымат берүүгө 5 мүнөт убактыңар болбогонун айтып жатасыңар.
Ысык-Көлдө, эмгек өргүүсүндө болуп калдык деп жатасыңар. Бирок маалымат топтоо иши бир күнгө да токтогон жок. Бүгүн ар кайсы жомокту айтып, өзүңөрдү өзүңөр алдап отурасыңар. Бир жылдын ичинде ар бир абоненттин уюлдук телефонуна он жолудан ашык СМС жиберилди. Адаттагыдай эң акыркы күнү кыймылдай баштайбыз",- деди биринчи вице-премьер.