Президент Алмазбек Атамбаев 18-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына Улуттук банктын учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде банк жана төлөм системинин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү жана сомдун алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев Улуттук банк валюталык рыноктун жана өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугу үчүн мүмкүн болчу тобокелдерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.
Мамлекет башчы өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык биримдикке катышуусунун шарттарында экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн валюталык рыноктун ырааттуу иштешинин өзгөчө маанисин белгиледи.