Нарында бүгүн, 18-сентябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусунда парламенттик шайлоону өткөрүүдө коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бардык мамлекеттик органдар тыгыз иштеши керектигин белгиледи.
"Талапкерлердин тизмесин текшерүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Депутаттардын арасында криминалдык элементтердин, соттолгон адамдардын, башка мамлекеттердин жарандарынын болушуна жол бербөө зарыл. Укук коргоо органдарынын жетекчилерине эскертем, эгерде шайлоодон кийин мындай фактылар болуп калса, анда текшергендер гана эмес, жетекчилер өздөрү да катуу жоопкерчиликке тартылышат",- деди Маматалиев.
Өкмөт мүчөсү шайлоого чейин, шайлоо күнү, шайлоодон кийин да өлкөдө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого даяр болушу керектигин кошумчалады.