“Шайлоочу кимге добуш бергенин эч ким билбейт жана айта албайт”. Мындай пикирин бүгүн, 18-сентябрда журналисттерге берген маалыматында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, кээ бир саясий партиялар шайлоо мыйзамын бузуу менен биометрикалык идентификациялык номерлерди чогултуп жатышат.
“Партиялар мунун баарын шайлоо күнү бекитилүү болгон талондор менен салыштырууну ойлонушууда, бирок биз азыр токтом кабыл алдык. Ага ылайык, шайлоо күнү идентификация болгондо таптакыр башка өңдөгү чоң сандар менен жазылган талондор берилет. Мындан тышкары кээ бир партиялар “шайлоодон кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир тилкеде добуш бергендердин тизмесин илет, ошондо биз силердин кимге добуш бергениңерди билип коёбуз” деп айтып жатышыптыр. Туура, мыйзам боюнча шайлоого катышкандардын аты-жөнүн илебиз, бирок алар кимге добуш бергенин илбейбиз”,- деди БШК төрагасы.