Жарандардын биометрикалык
маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыздарды
кабыл алуу бүгүн, 18-сентябрда саат
18:00дө токтотулду. Бүгүнкү күнгө чейин добуш берүү дарегин өзгөрткөндөргө Бишкек жана Ош шаарларында 39 шайлоо
тилкеси ачылып, иш жүргүзүлдү. Мамлекеттик
каттоо кызматынын маалыматы боюнча, буга чейин Бишкекте 54 миңден,
ал эми Ош шаарында 20 миңден ашуун жаран добуш
берүүчү дарегин өзгөртүүгө жетишкен. 18-сентябрь күнү арыз бергендердин
арыздары эртеңден баштап каралып, тизмеге
киргизүү аракеттери жүргүзүлөт. Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 16-сентябрга карата 2 миллион 813 027 жаранга жетти.Ошол эле учурда
өлкө аймагында жана чет өлкөдө иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын айрым жарандары
биометрикалык маалыматтарын тапшырбай калганы үчүн парламенттик шайлоодо добуш
берүү укугуна ээ боло алышкан жок.