Шайлоо күнү өлкө боюнча 10го жакын чатырларда добуш берүү өткөрүлөт. Муну бүгүн, 18-сентябрда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чара айрым жаңы конуштарда чоң имараттардын жок болгондугуна байланыштуу көрүлүүдө.
“Ак-Жар конушунда бир да чоң имарат жок экен. Анын үстүнө кээ бир аймактарда 5 миңге жакын шайлоочу добуш берүүгө катышат. Мындан улам бул чатырларга көбүрөөк урна, идентификация кылыш үчүн ноутбук коёбуз жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын көбөйтөбүз. Чатырлар көбүнчө Бишкек жана Ош шаарларында тигилет”,- деди Абдраимов.