Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрда иштебесе да маяна алышат

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттарына сентябрь айынын маянасын төлөп берүү маселеси кызуу талкууланып жаткандыгынан улам парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда расмий билдирүү жасады.

"Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңеште ар дайым иш жүзүнө ашырат. Депутаттын эмгек укуктарынын кепилдиктери "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 35-беренесинде жазылган.

Конституциянын 71-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи отурумунан тарта токтотулат. Мындан улам депутаттарга маянаны төлөп бербөөгө негиз жок.

Жогорку Кеңештин иши - бир гана отурумдар эмес, шайлоочулар менен да иштешүү. Кворум чогулган учурда депутаттар комитеттерде жана фракцияларда жыйындарды өткөрө алышат",- деп билдирет басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын сентябрь айында, бүгүнкү күнгө чейин парламент депутаттары Жогорку Кеңеште бир да жыйын өткөрүшө элек. 2-сентябрда пленардык жыйынга 120 депутаттан 52 депутат эле келип, жыйын үзгүлтүккө учураган. Кийинки күнү да мындан аз депутат келип, кворум чогулган эмес. Мындай көрүнүшкө төрага Асылбек Жээнбеков "табигый нерсе" деген баа берип, "шайлоо алдындагы үгүт иштери бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин отуруму болбойт" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан